Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамы бекитилди

25.10.2021, 14:35 Акчабар
Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамы бекитилди

“Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамын бекитүү жөнүндө” жарлыкка кол коюлду. Бул тууралуу президентттин басма сөз кызматы билдирди. 

Кеңештин жеке курамын президент кеңештин башкы катчысынын сунушу боюнча бекитти. Анын курамына Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, бизнес-коомчулуктун жана академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү кирди. 

Эске салсак, ушул жылдын 23-июнунда Садыр Жапаровдун бизнес-коомчулук менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгында Антикоррупциялык ишкердик кеңеш түзүлгөн.

"Антикоррупциялык ишкердик кеңешти түзүүнүн негизги максаты болуп коррупцияга каршы күрөшүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын өркүндөтүү жана мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун ортосунда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча натыйжалуу диалогун камсыз кылуу, ошондой эле бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инвестициялык климатты жана ишкердик субъекттердин ишин коргоо жана колдоо механизмдерин жакшыртуу саналат", - деп айтылат маалыматта. 

 

 

Тэги: антикоррукпция ишкерлер кеңеш Жапаров

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу