Антимонополия: Ички аба каттамдардын баасы 4 миң сомдон ашпашы керек

08.03.2024, 12:31 Акчабар
Антимонополия: Ички аба каттамдардын баасы 4 миң сомдон ашпашы керек

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына өлкө ичиндеги аба каттамдардагы билеттердин баасы боюнча арыздануулар келип түшкөн. Мындан улам, мекеме менен авиакомпаниялардын өкүлдөрү жолугуп сүйлөшүшкөн. Бул тууралуу аталган мекемеден билдирди. 

Жолугушууда авиакомпаниялар тарабынан алардын ишмердүүлүгү жана авиабилеттердин баасы жогорулабагандыгы тууралуу маалымат берилди. Сатуу үчүн авиабилеттердин баалары алардын расмий сайттарында ачык жеткиликтүүлүктө жайгаштырылат жана 4 миң сомдон ашпайт. 

"Бирок, бир катар өзгөчө учурларда, биринчи орундуктарга жакшыртылган кызматтар көрсөтүлөт жана бул орундарга билеттердин баасы бир аз жогору. Мындай орундардын саны учактын салонундагы орундардын жалпы санынын 3-4% түзөт", - деп билдиришкен авиакомпаниянын өкүлдөрү. 

Ошондой эле, авиакомпаниялар жүргүнчүлөргө – 12 жашка чейинки балдарга, ардагерлерге, пенсионерлерге жана башка жеңилдетилген категориядагы жарандарга жеңилдиктерди берет. 

Агенттик кассалар аркылуу билеттерди сатып алууда билеттин наркына агенттик сый акы кошулат, эгерде керектөөчү билеттерди авиакомпаниялардын түз агенттери аркылуу эмес, субагенттер аркылуу сатып алса, анда кошумча төлөйт, ошондой эле алдамчылык учурлары да орун алышы мүмкүн.

“Буга байланыштуу Кызмат билеттерди алып сатарлык баалар боюнча сатып алууну болтурбаш үчүн аларды түздөн-түз компаниялардын авиакассаларынан же алардын расмий сайттары аркылуу сатып алууну сунуштайт. Билеттерди алып сатарлык баада сатып алган учурда керектөөчү Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына же тиешелүү авиакомпанияга кайрыла алат”, - деп айтылат маалыматта. 

Тэги: антимонополия кымбатчылык аба каттамы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу