Сауд Арабиялык компания Кыргызстандын текстиль тармагына инвестор болууга даяр

18.12.2019, 16:16 Акчабар
Сауд Арабиялык компания Кыргызстандын текстиль тармагына инвестор болууга даяр

Күн мурун Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов Сауд Арабия королдугунун «AJLAN BROS FAMILY» компаниясынын өкүлдөрү – коомчулук менен байланышты түзүү директору Акрам Алхафаф жана Адеб Намби менен жолугушту.

КРнын тышкы саясий ведомствосунун басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуу Ташкент шаарында өткөн.

Анда тараптар пахтаны өстүрүүдөн тарта аны даяр продукция түрүндө экспортко чыгаруу толук циклине чейин уюштуруу - кластердик ыкманы киргизүү менен Кыргызстандын текстиль тармагына ивестициялоо маселелерин талкуулашкан.

«Компаниянын өкүлдөрү Кыргызстанда пахтаны иштетүү жана даяр продукцияны өндүрүү боюнча текстиль фабрикасын куруу жана аны толугу менен жабдууга кызыгуусун билдиришти. Жолугушуунун аягында долбоорду жүзөөгө ашыруу боюнча макулдашышты» , - деп билдиришти министрликтен.

Маалымдама: Аталган компания классикалык эркектердин кийимин өндүрүү тармагында ишмердүүлүгүн алып барган алгылыктуу эл аралык корпорациясынын бири болуп саналат. Компаниянын капиталы 7 млрд АКШ долларын түзөт. Ошондой эле 25 мамлекеттин фонд рыногунда жана Сауд Арабия, Европа, Азия, АКШ жана Канаданын кыймылсыз мүлк тармагында олуттуу салымдары бар.

Тэги: Саудовская Аравия текстильная промышленность инвестиции бизнесмены

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу