Ата мекендик компания Латвия жана Литвага кургак жемиш экспорттойт

20.06.2023, 09:28 Акчабар
Ата мекендик компания Латвия жана Литвага кургак жемиш экспорттойт

Ата мекендик “Sun Planet Organic” компаниясы кургатылган жемиштерди жеткирүү боюнча Латвия жана Литванын (Duty Free Trading Latvija жана Eskito) дистрибьюторлору менен келишим түздү. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Бул тууралуу макулдашуулар Рига жана Вильнюс шаарларында өткөн “Борбор Азия, Латвия жана Литванын ортосундагы жаңы соода мүмкүнчүлүктөрү” аталышындагы бизнес-форумдарынын алкагында түзүлдү.

“Ошондой эле мультимодалдык транскаспий коридорун өнүктүрүүнүн алкагында Кыргызстандын Эл аралык жүк ташуучулар ассоциациясы менен литвалык “Centriniani Azijos Projektai” компаниясынын ортосунда меморандумга кол коюлду. Документ эки өлкөнүн ишкерлерине товарларын жана кызматтарын сатууда көмөк көрсөтүүнү карайт”, - деп айтылат улуттук агенттиктин маалыматында.   

Форумдарда Кыргызстандан 10 компаниядан турган делегация, анын ичинде тамак-аш өндүрүүчүлөр, ошондой эле логистикалык компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Бизнес-форумдардын алкагында Латвиянын, Литванын алдыңкы компаниялары, потенциалдуу өнөктөштөр, импортерлор жана дистрибьюторлор, ошондой эле экспедиторлордун, логисттердин жана автотранспортчулардын ассоциациялары, стивидордук компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлдү.

Бизнес-форум USAIDдин Борбордук Азиядагы соода программасынын колдоосу менен өткөрүлдү.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу