Атамбаев экс-президент макамынан ажырады

27.06.2019, 13:47 Акчабар
Атамбаев экс-президент макамынан ажырады

Бүгүн Жогорку Кеңеш 27-июнда Алмазбек Атамбаевди экс-президенттик макамынан ажыратуу боюнча чечим кабыл алды. Анда 103 депутат макулдугун берип, 6 депутат гана каршы добуш берди.

Эми Алмазбек Атамбаев мыйзам чегинде берилген кепилдиктеринен ажырап, ага кылмыш ишин козгоого жана суракка чакырууга жол берилет.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаевди экс-президенттик макамынан ажыратуу боюнча 13-июнда депутаттык комиссия түзүлгөн. 20-июнда комиссиянын корутундусу угулуп, Жогорку Кеңеш кабыл алган токтом Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн. Депутаттык комиссия Атамбаевге 6 айып таккан болсо, прокуратура анын бешөөсүн кароого негиз бар деп бүтүм чыгарган.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу