Казакстандын Люкс-аткаминерлери кымбат автоунаалардан баш тартышпайт деп жазат Vision басылмасы. Жыл сайын бюджеттен 100 млрд теңге мамкызматкерлердин автоунааларын жаңыртууга жумшалат.
Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, 2016-жылы республикалык жана жергиликтүү бюджеттен аткаминерлердин автопаркын жаңылоого 97,3 млрд бөлүнгөн. Ал эми 2017-жылы 160 млрд теңгеге, 2018-жылы 123 млрд теңгеге жеткен.
Автоунаага болгон чыгаша мамлекет үчүн мектеп салганга караганда, аз чыгым алып келет. 2018-жылы Казакстанда болгону 90 мектеп курулган. Бир мектептин курулушуна орточо эсеп менен 2 млрд теңге жумшалат. Өткөн жылы автопаркты жаңыртууга 123 млрд теңге бөлүнгөн, бул 60 мектепти экспулатацияга берген менен барабар.
Алты жыл ичинде автоунаа сатып алууга, 650 млрд теңге коротулган.