28-декабрда өткөрүлгөн аукциондордун жыйынтыгы боюнча жүгүртүү мөөнөтү 14 жана 28-күн болгон Улуттук банктын ноталары боюнча орточо алынган кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 6,90% жана 7,30% түзгөн.
7-күндүк ноталардын аукциону суроо-талаптын жоктугуна байланыштуу өткөрүлбөгөн катары таанылган.
21-декабрда өткөрүлгөн аукционго салыштырмалуу жүгүртүү мөөнөтү 14 күндүк ноталардын кирешелүүлүгү 0,11%га өссө, 28 күндүк ноталардын кирешелүүлүгү тескерисинче 0,01%га төмөндөгөн.
Эскерте кетсек, Улуттук банк ноталарды жайгаштыруу жолу менен банк системасынан 10,1 млрд сом алууну пландаштырган.