Улуттук банктын 14 жана 28 күндүк ноталарынын орточо салмактанып алынган кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 5,66% жана 5,69% түзгөн. Бул тууралуу 4-майда өткөн Улуттук банктын ноталарынын аукциондорунун жыйынтыгы боюнча регулятордун сайтында маалымдалды.
Катышуучулардын саны жетишсиз болгондуктан, 7 күндүк ноталар боюнча аукцион жараксыз болду. 91 күндүк ноталар боюнча аукцион талаптын жоктугунан ал дагы жараксыз деп табылды.
Белгилей кетсек, 4-майда Улуттук банк 300 миллион сомго 7 күндүк ноталарга жайгаштырууну пландаштырган.