AV Frontiers компаниясы Ысык-Көлдөгү ololoAkJol пансионатына инвестиция салды

12.04.2021, 10:40 Акчабар
AV Frontiers компаниясы Ысык-Көлдөгү ololoAkJol пансионатына инвестиция салды

Кыргызстандык AV Frontiers инвестициялык компаниясы Ысык-Көлдөгү ололо коворкинг тармагынын пансионатына инвестиция салды. Бир күн мурун, ololoAkJol пансионатын беш жылдык мөөнөткө каржылоо боюнча келишимге расмий кол коюлгандыгын ololohaus Instagram баракчасында жарыяланган.

[жаңылыктар 33767]

OloloAkJol пансионатына ээлик кылган Касым Исмановдун айтымында, бул Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүгө биринчи инвестиция. Бул ошондой эле AV Frontiers үчүн Кыргызстандагы биринчи, ал эми Борбор Азиядагы экинчи келишим.

«Инвестиция үчүн долбоорлорду тандоого кылдаттык менен мамиле кылабыз. AV Frontiers жалпысынан Борбор Азиядагы чыгармачыл экономика сектору жана айрыкча Ысык-Көлдөгү туризм сектору үчүн чоң инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү көрөт. OloloAkJol пландаштырылып жаткан жыл бою иштөө режимине өтүү, Ысык-Көлдөгү туризм бизнесин туруктуу жана инвесторлор үчүн жагымдуу кылат», - деп комментарий берди AV Frontiers компаниясынын башкы директору Таалайбек Жуматаев.

ololoAkJol Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде, Кош-Кел айылында жайгашкан.

 

Тэги: экономика инвестиции Развитие туризма США

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу