Автоунаалардын айнегин күңүрттөө боюнча жумушчу топ түзүлдү

18.02.2022, 18:26 Акчабар
Автоунаалардын айнегин күңүрттөө боюнча жумушчу топ түзүлдү

Автоунаалардын  айнегин күңүрттөөгө уруксат берүүнүн шарттарын, тартибин иштеп чыгуу жана анын баасын аныктоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишинин алкагында транспорт каражатынын маркасын жана чыгарылган жылын чектебестен, жүргүнчүлөрдү ташыган жеңил автомобилдерден (таксиден) (М-1) категориядагы жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорт каражаттарына гана уруксат берүү маселеси каралат. 

Ошондой эле Carcheck электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы аркылуу күңүрттөгө уруксаттын бар-жоктугуна байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуу сунушталууда, муну менен коомчулук тиешелүү маалыматтын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн көрсөткөн уруксаттын бар экендигин текшере алат.

Күңүрттөөгө уруксаттын баасы Мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин министрлер кабинетинин чечими менен аныкталат.

"Күңүртөө иштерин жүргүзүү транспорт каражатынын менчик ээси тарабынан өз алдынча уруксат алгандан кийин же мындай ишти жүзөгө ашыруучу чарбакер субъекттер тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн. Уруксат 1 жылдык мөөнөткө берилет, транспорттук каражаттын ээси өзгөргөн учурда уруксатты кайра тариздөөгө жол берилет, мында мөөнөт мурда берилген уруксаттын аракетинин калган мөөнөтүнө узартылат",- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына жол кыймылы маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору министрлер кабинети тарабынан төмөнкү максаттарда демилгеленген:

  • - автотранспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүртөөнү мыйзамдаштыруу (транспорт каражаттарынын ээлери үчүн транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө мыйзамдуу түрдө уруксат алуу мүмкүнчүлүгүн түзүү);
  • - транспорт каражатынын айдоочусу тарабынан алдыңкы эшиктердин каптал айнектери күңүрттөлгөн айдоо үчүн эреже бузуулардын санын азайтуу.

Аталган мыйзам долбоору кабыл алынса, автоунаанын каптал айнектерин караңгылатуунун акысы бир жылга 30-50 миң сом болушу ыктымал.

Ал эми Жогорку Кеңеш автоунаанын каптал айнектерин күңүрттөөгө (тонировка) уруксат берүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алган.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу