Аяр катмардагы үй-бүлөлөрдүн үйлөрүнө күн батареяларын орнотуу маселеси талкууланды

16.02.2022, 16:21 Акчабар
Аяр катмардагы үй-бүлөлөрдүн үйлөрүнө күн батареяларын орнотуу маселеси талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандагы Дүйнөлүк банктын туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Навид Хасан Накви менен жолугуп, кызматташуунун жана өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкуулады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Министрлер кабинетинин башчысы энергетика тармагын колдоо жана чыңдоо боюнча кабыл алынып жаткан чаралар, энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы долбоорлорду өнүктүрүү боюнча демилгелер тууралуу айтып берди.

Жапаров министрлер кабинети үчүн адамды өнүктүрүү багыттары, биринчи кезекте саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагындагы реформалар артыкчылыктуу экендигин белгиледи.

«Дүйнөлүк банк өнүгүүнүн маанилүү багыттарында өлкөгө олуттуу колдоо көрсөткөн стратегиялык өнөктөш болуп саналат. Биз өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча натыйжалуу аракеттешүүгө умтулуудабыз», - деди Жапаров.

Кыргызстандагы Дүйнөлүк банктын туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору өз кезигинде мындан ары карай жемиштүү кызматташтыкка даярдыгын билдирди.

Жолугушуунун алкагында «Digital CASA – Кыргыз Республикасы» долбоорун ишке ашыруу, үстүбүздөгү жылдын жазында энергетикалык тармакты өнүктүрүү келечеги боюнча форумду уюштуруу, Дүйнөлүк банктын жазгы кеңешмелери, Кыргызстан жана Дүйнөлүк банк ортосундагы өнөктөштүктүн 30 жылдыгын майрамдоо, калкты вакцинациялоо, ошондой эле социалдык жактан аяр категориядагы үй-бүлөлөрдүн үйлөрүнө күн батареяларын орнотуу боюнча долбоор боюнча кызматташуу маселеси талкууланды.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу