“Кыргызалтын” ААКнын аткаруу органынын курамында өзгөртүүлөр болду. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.
Азамат Шаршенбиев “Кыргызалтын” ААК башкармалыгынын мүчөсү – төраганын орун басары болуп дайындалды.
Эске салсак, 4-апрелде Нуртазин Жетыбаев ААКнын акционерлеринин чечими менен директорлор кеңешинин мүчөсү болуп шайланган.