Азык-түлүккө болгон баалардын эң жогорку өсүшү Баткенде байкалды

10.02.2022, 16:41 Акчабар
Азык-түлүккө болгон баалардын эң жогорку өсүшү Баткенде байкалды

2022-жылдын январь айында азык-түлүккө болгон баалардын эң жогорку өсүшү Кыргызстандын Баткен облусунда байкалган. Мындай маалыматтар Улуттук статистика комитети тараткан маалыматта көрсөтүлгөн.

Баткенде азык-түлүк продуктуларына жана алкоголсуз суусундуктарга болгон баа 1,7 пайызга өскөн. Алкоголдук суусундуктарга жана тамеки заттарына болгон баанын максималдуу түрдө өсүшү (5,6 пайызга) Бишкек шаарында белгиленди.

"Азык-түлүк эмес продуктуларына  болгон баалардын өсүшү республикабыздын Жалал-Абад облусунан (0,2 пайызга) жана Ош облусунан (0,4 пайызга) башка көпчүлүк аймактарында катталга",- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын январында  (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө бааларынын өсүүсү 1,0 пайызды түздү. Ушул эле учурда тамак -аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга 0,9 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге- 3,6 пайызга, азык -түлүк эмес товарларга – 0,4 пайызга, кызмат көрсөтүүнүн тарифтери – 0,5 пайызга өсүүлөрү байкалды.

Тэги: азык-түлүк Улуттук статистикалык комитет керектөө баалары

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу