50 миңден ашуун баалуу жандыктардын терисин импорттоп жаткандар кармалды

16.06.2020, 16:30 Акчабар
50 миңден ашуун баалуу жандыктардын терисин импорттоп жаткандар кармалды

Кыргызстанда 50 миңден ашуун норка жана ондатрдын (териси кымбат кемирүүчү жаныбар) терисин жүк ташуучу унаага импорттоп жаткандар кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы маалымдады.

 

 

Анын айтымында, Каржы полициясынын кызматкерлери «Ак-Тилек» өткөрүү пунктундагы мобилдик топтун курамында тиешелүү документтери жок Scania үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны кармашкан.

Унааны тинтүү иштеринде алар 50 миңден ашык жаныбардын терисин табышкан.

Келтирилген чыгымдын суммасы 500 миллион сомго жетет.

 

Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматы боюнча, табылган жаныбарлардын терилери Кыргызстандагы бардык ондатр жаныбарынын санынан ашып кетет (бизде жалпы саны 19 миңден ашык).

 

Сотко чейинки териштирүү иши жүрүп жатат.

Тэги: баалуу жандыктар териси

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу