Бириккен Араб Эмираты Кыргызстанга гуманитардык жардам берди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.
Азык-түлүк түрүндөгү гуманитардык жардам 54 тоннаны түздү.
Гуманитардык жардам Баткен аймагына Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аркылуу жөнөтүлөт.