БАЭден мыйзамсыз алынып келе жаткан 2,2 млн сомдук кол сааттар аныкталды

22.05.2023, 11:30 Акчабар
БАЭден мыйзамсыз алынып келе жаткан 2,2 млн сомдук кол сааттар аныкталды

“Манас” бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери Бириккен Араб Эмираттарынын Шарджа шаарынан келген аба жүктөрүн текшерүү учурунда декларацияланбаган товарларды аныктады. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, “ТСКД” ЖЧКсынын дарегине “ROLEX” соода маркасынын 5 бирдик жана “PATEK PHILIPPE GENEVE” соода маркасынын 1 бирдик оригиналдуу кол сааттары келген.

“Соода-өнөр жай палатасынын экспертизасынын актысына ылайык, кармалган товарлардын орточо базардык жалпы баасы 2 млн. 292 миң сомду, ал эми тийиштүү бажы төлөмдөрүнүн суммасы 460 миң 462 сомду түздү”, - деп айтылат маалыматта. 

Тиешелүү материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу