Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясынын Аткаруу комитетинин 120-кеңешмесинин катышуучулары БУУ ЕЭК Туруктуу өнүктүрүү боюнча Регионалдык форумунун төрагалыгына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун талапкерлигин жактырышты.
Министрлер кабинетинен билдиришкендей, иш-чара 2022-жылдын 6-7-апрелинде Женева шаарында (Швейцария Конфедерациясы) өтөт.
Форумдун жыйынтыгы боюнча отчет даярдалышы күтүлүүдө. Бул документ 2022-жылдын июлунда Экономикалык жана социалдык кеңештин калкасы алдында Туруктуу өнүгүү боюнча жогорку деңгээлдеги Саясий форумдун алкагындагы маалымдама документ катары колдонулат.