Бакай Банк "Бакай Иншуранс" деп аталган жаңы туунду компания түзүү менен өз ишин кеңейтүүдө. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды.
Бакай Банк туунду компаниянын 100% акциясына ээ, бул 150 миң акцияны түзөт.
Баалуу кагаздарды кармоочулардын реестринде жаңы компанияны расмий каттоо 2024-жылдын 8-февралында болгон.