Бакыт Төрөбаев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткармай болду

28.03.2022, 09:35 Акчабар
Бакыт Төрөбаев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткармай болду

Бакыт Төрөбаев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Жарлык менен министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна дайындоого Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизүү токтом кылынат.

Айта кетсек, президент Садыр Жапаровдун дагы башка жарлыгына ылайык, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.

 

Тэги: Бакыт Төрөбаев Министрлер кабинети

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу