«Компаньон» банкы коронавирус менен күрөшүү үчүн 2 млн сом бөлдү. Каражат саламаттыкты сактоо министрлигинин атайын эсебине которулду. Бул тууралуу банктын официалдуу сайтында маалымдалат.
«Компаньон» банкынын кызматкерлери бир күндүк эмгек акыларын которушкан. Маалыматта айтылгандай, которулган каражаттар калктын социалдык аялуу катмарына жардам берүү үчүн жумшалат.