КР Банк тутуму ири көлөмдө үстөк ликвиддүүлүккө ээ

26.02.2019, 13:00 Акчабар
КР Банк тутуму ири көлөмдө үстөк ликвиддүүлүккө ээ

Өлкөнүн финансы рыногундагы ири көлөмдөгү үстөк ликвиддүүлүктү жоюу   операцияларын улантууда деп жарыялады  Улуттук банктын башчысы

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы үстөк өтүмдүүлүктөн арылуу боюнча ишин уланууда.

«Банк тутуму ири көлөмдө үстөк ликвиддүүлүккө ээ, ушундан улам Улуттук банк андан арылтуу операцияларын ишке ашырууда. Акча рыногунун кыска мөөнөттүк чендери Улуттук банк белгиленген чекте сакталууда. Банктар аралык кредит рыногунда катышуучулар санынын артышы сыяктуу эле, операциялар көлөмүнүн көбөйүүсү эсебинен жигердүүлүктүн күч алышы байкалууда. Банктар аралык акча рыногунун чендери менен эсептик чен ортосунда орун алган ажырым кыскарууда, бул албетте акча-кредит саясатынын экономикага таасирин күчөтүүгө өбөлгө түзөт», —түшүндурдү ал.

КР Улуттук банкынын маалыматы боюнча 2019-жылы январда ИДӨ  6.4% түзүп,  бул  «Кумтөр» алтын кенин кошпогондо, ИДӨ өсүшүү 1.9% барабар. Өлкөгө акча которуулардын агымы жана эмек акынын реалдуу өсүүсү рыноктогу  суроо  талапка жараша ( 2018-жылы таза акчанын агымы  5.5% жогорулаган, реалдуу эмгек акы–  3.8% өскөн).

Улуттук банктын акча-кредиттик саясаты  насыяларды кеңейтүүгө жана республиканын экономикалык активдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзүүгө багытталган. Эгерде инфляциялык тобокелдиктер жаралса, анда Улуттук  банк акча-кредиттик саясатындагы багыттарын абалга жараша өзгөртүү жасашы мүмкүн. 

Тэги: ликвидность Нацбанк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу