Банктык депозиттерди коргоо мыйзамын өзгөртүү сунушталды

22.06.2023, 16:50 Акчабар
Банктык депозиттерди коргоо мыйзамын өзгөртүү сунушталды

Бүгүн парламент жыйынында “Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору каралып,  биринчи окууда жактырылды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, мыйзам долбоорунун максаты жана милдети депозиттерди коргоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат. Демилгечи Министрлер кабинети. 

“Мыйзам долбоорунда ээси жеке адамдар, жеке ишкерлер болуп саналган, банк тарабынан эмитирленген электрондук акчаны аманаттын аныктамасына кошуу аркылуу депозиттерди камсыздандыруу чөйрөсүн кеңейтүү каралат. 

Ошондой эле, аманатчылардын компенсациялык төлөмдөрдү ыкчам алуусун камсыз кылуу процесстерин жакшыртуу максатында, көзөмөлдөө органы тарабынан лицензияны кайтарып алууну кепилдик учур катары аныктоо сунушталат. 

Талкууда депутат Гуля Кожокулова Улуттук банк эмне үчүн коммерциялык банктардан алынган насыялардын үстөк пайызын жөнгө салбай жатканын сурады. 

“Банктардагы жапайычылык пайыздар – бул Улуттук банктын туура эмес саясаты, ал Кыргызстандагы эң жогорку пайыз”, - деди депутат.  

Мындай пикирди Улуттук банктын төрагасынын орун басары Манас Жакыпов четке какты. 

 

Кабардар болуңуз! Биздин Telegram каналыбызга жазылыңыз. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу