Баткен облустук Бажы кызматынын кызматкерлери 700 кап мыйзамсыз ташылып келген күрүчтү аныктады. Бул тууралуу тийиштүү мекемеден билдиришти.
Кармалган товардын жалпы салмагы 17 500 кг, орточо базар баасы 2 625 000 сомду түзгөн.
Бул факты боюнча материалдар Баткен облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.