Кыргызстан органикалык продукция менен атаандаштыкка туруштук бере алат

04.07.2019, 14:10 Акчабар
Кыргызстан органикалык продукция  менен атаандаштыкка туруштук бере  алат

Президент Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстан уникалдуу органикалык продукция менен гана регионалдык атаандаштыкка туруштук бере алат

«Кыргызстан уникалдуу органикалык продукция менен гана регионалдык атаандаштыкка туруштук бере алат», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-июлда, Баткен районунун жана Баткен шаарынын жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

Мамлекет башчысы химикаты жок, экологиялык таза продукция менен глобалдык конкуренцияга туруштук берүү максатын түшүндүрүп кеттти.

«Кыргызстанда иштетилип жаткан жердин көп бөлүгү өзү эле „органикалык“ болуп саналат, анткени биздин фермерлер химикаттарды колдонушпайт. Айыл чарба продукциясынын баалары коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу төмөн. Бул факторлор келечекте Кыргызстанда жасалган эко продукциянын брендин күчөтөт. Биз ушул дүйнөлүк рынокто бааланган экологиялык таза органикабызды сактап калышыбыз керек», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.   

Ал экологиясы таза, органикалык продукцияны ЕАЭБден сырткары Кытай Эл Республикасына экспорттоону активдештирүү максатында иш–аракеттер планы бекитилип, анын алкагында тиешелүү иш-чаралар көрүлүп жатканын айтты.

Мындан тышкары, 2019-2022-жылдарда Кыргыз Республикасынын экспортун өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы кабыл алынган. Аталган программага ылайык, кайра иштетилген мөмө-жемиш продукциясынын Кытайга экспорттоонун көлөмүн көбөйтүү, кайра иштетилүүчү продукциянын өсүшүн камсыз кылуу үчүн бир нече чаралар каралган.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу