Бүгүн, 22-март күнү Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айылында «Кулунду жалпы дарыгерлик-практика борборунун»жаңы имаратынын курулушу башталды.
Маалыматка ылайык, курулушту «Ас-Сафа-Борбору» коомдук бирикмеси каржылайт.
Курулуш иштери аяктагандан кийин бирикме тарабынан,ооруканага керектүү медициналык шаймандар, заманбап жабдуулар да орнотулат. Имаратты курулушу 2021-жылдын октябрь айында аяктап, пайдаланууга берүү пландаштырылууда.
Аталган имараттын жалпы сметалык баасы 28 млн сомду түзөт.