Баткен облусундагы айыл чарба багытын өнүктүрүүгө, айыл чарбадагы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү аныктоого арналган “Баткен Агро Форум-2023” иш-чарасы өттү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Иш-чараны JIA Бизнес ассоциациясы уюштурду.
Форумдун алкагында айыл чарба өнүмдөрүнүн жарманкеси коюлду. Анда агрардык тармакты өнүктүрүү жаатындагы колдоолор, мүмкүнчүлүктөр, ишкерлер менен чогуу Баткен облусунун айыл чарбасын өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.
Ошондой эле, ишкерлер багбанчылык, дыйканчылык, мал чарбасы, балык чарбасы, кайра иштетүү боюнча өз тажрыйбалары менен бөлүштү.