Баткенде беш чакан ГЭС курулуп жатат

17.05.2023, 12:57 Акчабар
Баткенде беш чакан ГЭС курулуп жатат

Учурда Баткен облусунун аймагынан агып өткөн  дарыяларда 5 чакан ГЭС курулуп жатат.  ГЭСтин курулушу бир эле электр энергиясы эмес, сугат суу  маселесин чечүүдө да зор мааниге ээ. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. 

Алсак, Баткен  районунун аймагында Кыштут чакан ГЭСи курулууда. Аталган 10 МВТ кубаттуулуктагы обьект үчүн  7,0 млн. сом доллар керектелээри белгиленген. ГЭСти  5 каскад менен куруу пландаштырылып, учурда  1-каскадтын 100% жумушу аткарылды. 

Мындан тышкары, Кадамжай районунун Майдан айыл аймагынын Кожо-Кайыр каналынын нугунда 300 КВТ кубаттуулугунда, сметалык баасы 300 миң долларды түзгөн долбоордун курулуш иштери аяктап, биринчи агрегаттын генараторун орноштуруу иштери жүрүүдө. 

Ошондой эле, Майдан айыл аймагынын  Пата-Таш тилкесинде  4 МВттык “Исфайрам-1” долбоору  2,81 млн. долларга курулууда. Курулуш иштери 90% аяктап калды. 

Лейлек  районунун Тогуз-Булак айыл аймагындагы  Жаңгакты  дарыясына   0,54 МВТ кубаттуулугундагы “Белес” чакан ГЭСинин курулушу аяктады.  5 км аралыкта чубалгылары курулуп  райондук электр  тармактар ишканасынын Белес фидерине кошулду. План боюнча 2023-жылдын июнь айында электр энергия өндүрүү пландалган. 

Өзгөрүш айылында Козу-Баглан дарыясынын капталында 5,9  МВТ кубаттуулуктагы "Лейлек"  ГЭСи  5,6 млн. долларга курулууда.  

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу