Баткенде бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү иштери жанданат

04.05.2023, 16:30 Акчабар
Баткенде бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү иштери жанданат

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алдындагы бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңешинин жыйыны өттү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.  

Жыйынга президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов, облустун прокурору Таалайбек Касымбеков,  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышты.  

Бизнести өнүктүрүүгө жолтоо болгон тоскоолдуктарды мамлекеттик органдарга жеткирүү, укуктук чечимдерди ишке ашыруу пландалууда. 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров онлайн форматта катышты. 

“Мамлекеттик органдар менен күрөшүү каалоосун жоготкон ишкер, экономикага салым кошуу каалоосун да жоготот. Ошондуктан ишкерлерге бут тосуулар болбоого тийиш. Инвестор күтө албайт. Эң баалуу ресурс бул убакыт. Ошондуктан мамлекеттик органдар бизнес коомчулугу менен конструктивдүү маанайда иш алып баруусу учур талабы. Биз жеке сектор тарабынан сунушталган инвестициялык долбоорлорду жылдырууга жардам берүүгө даярбыз”, - деди ал.  

Кеңештин максаты – аймакта бизнес-чөйрөнү жана инвестициялык климатты жакшыртуу, ишкердик субъекттерин укуктук коргоо механизмдерин өркүндөтүү боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын, бизнес-коомчулук менен туруктуу диалогун жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн түзүү. 

Белгилей кетсек, Кеңештин ишин илгерилетүү, каржылоо ПРООН тарабынан колдоого алынган.   

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу