Баткен районунун Капчыгай жана Достук айылдарын таза суу менен камсыздоо долбоору ишке ашууда. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка ылайык, Капчыгай айылын таза суу менен камсыздоого 17 млн. 179миң сом каралган. Учурда курулуштун 70%ы аткарылды. 5 чакырым аралыкка суу түтүктөрү орнотулду. Курулуштун аякташы менен 100 үй-бүлө таза суу менен камсыз болот.
Ушундай эле таза суу курулушу 21 млн. 444миң сомго Достук айылында курулууда. Жумуш 80% аяктады, анын негизинде 59 үй ичүүчү таза суу менен камсыздалат.
Таза суу курулуштары республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Курулушту июль айынын аягына бүткөрүү, пайдаланууга берүү пландалууда.