Бажы кызматкерлери жалган декларациялоо фактысын аныктады

14.02.2024, 10:05 Акчабар
Бажы кызматкерлери жалган декларациялоо фактысын аныктады

“Манас” бажысы жалган декларациялоо фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Манас” бажысынын кызматкерлери тарабынан “A. L.” ЖЧКсына Кытайдан медициналык жабдуулар (лабораториялык анализатор) келгени аныкталган. 

Бажы көзөмөлүн жүргүзүүдө жүк коштоочу документтерге ылайык 5 даана өлчөмүндө 3 аталыштагы медициналык техника декларацияланган, бирок натыйжада 22 даана санында аныкталган. Декларацияланган товарлар менен бирге документтерде көрсөтүлбөгөн тетиктер жана аксессуарлар жөнөтүлгөнү аныкталган.

“Келтирилген зыяндын суммасы 345 миң 106 сомду түздү”, - деп айтылат маалыматта. 

Тиешелүү маалыматтар кароо үчүн Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.

 

Тэги: Бажы кызматкерлери декларация

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу