Бажычылар мыйзамсыз тамеки ташыган жаранды кармады

31.01.2023, 09:30 Акчабар
Бажычылар мыйзамсыз тамеки ташыган жаранды кармады

“Түндүк-Чыгыш” бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери Бишкекте мыйзамсыз тамеки ташып бара жаткан жаранды аныктады. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, кармалган жаран Жаш Гвардия-Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде “Toyota Alphard” үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жаткан. 

“Текшерүүдө унаадан 80 куту акциздик маркасы жок тамеки табылган. Өнүмдүн бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган бир дагы документ болгон эмес. Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 211 065 сомду түздү”, - деп айтылат маалыматта. 

Аталган факты боюнча материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу