2019 - жылы Кыргызпатент Бек Борбиев менен Мирбек Атабековго эң көп сый акы төлөгөн

07.02.2020, 09:30 Акчабар
2019 - жылы Кыргызпатент Бек Борбиев менен Мирбек Атабековго эң көп сый акы төлөгөн

2019 - жылы Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мемлекеттик кызматы (Кыргызпатент) ата мекендик музыкалык чыгармаларды пайдаланганы үчүн кафе-ресторан, мейманкана сыяктуу эс алуучу жайлардан 12 млн. сом чогулткан. Бул тууралуу Кыргызпатенттин жетекчиси Динара Молдошева билдирген маалыматына таянып, «Азаттык»​ басылмасы жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, Кыргызпатент менен келишим түзгөн кафе, ресторандар жандуу үн, фонограмма болсо дагы милдеттүү турдө сый акы төлөөгө тийиш. Буга ылайык, 2019 - жылы Кыргызпатент 12 млн сомго жакын каражат чогулткан. Учурда каражаттар ведомство тарабынан аткаруучуларга бөлүнүп, берилип жатат. «Эң көп сый акы алган Бек Борбиев менен Мирбек Атабеков», -   деп билдиришкен мекемеден. 

Бирок аталган ырчылардын канча сом алганы айтылган эмес. 

Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы автордук укук үчүн жыйым чогултууга чыгарма ээлери менен келишим түзөт. Өлкөдөгү бардык телерадио, театрлар, кафе, ресторан жана мейманканалар музыка пайдаланганы үчүн авторлорго акы төлөөгө тийиш.  Расмий маалымат боюнча, Кыргызпатентте үч миңден ашык автор, 18 миң музыкалык чыгарма расмий түрдө катталган. 

 

 

Тэги: сый акы Мирбек Атабеков Бек борбиев 2019 - жыл

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу