Бельгияда жумушка велосипед менен баргандарга акча төлөнөт

02.05.2023, 16:48 Акчабар
Бельгияда жумушка велосипед менен баргандарга акча төлөнөт

1-майдан тартып Бельгиядагы жеке компаниялардын бардык кызматкерлери жумушка велосипед баргандыгы үчүн жөлөкпул алууга укуктуу. Бул тууралуу чет элдик медиалар жазып чыкты. 

Жаңы тартип менен өлкөдө велосипед тепкендердин саны көбөйөрү күтүлүүдө.  

Бельгиянын Улуттук Эмгек Кеңешинин чечими менен жумуш берүүчүлөр менен жумушчулардын ортосундагы макулдашуунун негизинде жумушка велосипед менен баргандарга велосипед жөлөк пулунун берилиши милдеттүү болуп калды. Баалар жыл сайын индексацияланат деп убада беришүүдө.

Маалыматка ылайык, 1-майдан тарта кызматкерлер жумушка велосипед менен бара турган болсо, жумуш берүүчүлөр ар бир км. 27 цент төлөп берет. 

“Кызматкердин күнүмдүк велосипед тебүү акысы 40 км. ашпоого тийиш. Ошол эл учурда, велосипед үчүн жөлөкпул күнүнө 10,8 евро менен чектелет”, - деп айтылат маалыматта. 

Буга чейин велосипед үчүн жөлөкпул жөнүндө чечимди жумуш берүүчүлөр кабыл алышкан. Жумуш берүүчүлөрдүн 30%га жакыны, велосипед колдонгон кызматкерлерге үйү менен жумушунун ортосундагы аралыкка жараша акча төлөп келген. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу