Ушул жылдын январь-июнь айларында ички дүң продукциянын көлөмү 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,7% га азайып, 270,7 млрд сомду түздү, деп билдирди Экономика жана каржы министрлиги.
Реалдуу өсүш темпи 98,3% ды түздү. Экинчи кварталда ушул жылдын биринчи кварталына салыштырмалуу терс динамиканын ажырымынын кыскаруусу байкалууда.
Бул көрсөткүчтөр Кумтөр кенин иштеткен ишканаларды эсепке албаганда, апрель айынан бери тейлөө чөйрөсүнүн, өнөр жайдын субъектилеринин иш-аракеттеринин акырындык менен калыбына келүүсүнө байланыштуу болду деп белгиленет. Ички дүң продукт Кумтөр кен казуучу компанияларды эсепке албаганда, 3,7% га өстү.
“Жыл башынан бери жалпысынан Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары экономикалык өсүштүн терс тенденциясын көрсөтүүдө. Экономиканын өсүшүнүн алгылыктуу өсүшүнө өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга жана негизги соода өнөктөштөр болгон өлкөлөрдүн экономикасынын калыбына келүү ылдамдыгына көз каранды", - деп түшүндүрдү мекеме.