2019-жылдын 11 ай ичинде КР өндүрүш ишканаларынын көлөмү 249.7 млрд сомду (өсүү 9.6%) түзгөн. КР өндүрүштүн 53% алтын ээлейт. Өндүрүлгөн алтындын көлөмүн кошпогондо, башка тармакта өсүү 1.1% түзгөн. Бул маалыматты КР өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети билдирди.
Кыргызстанда «Жунда» заводу ишин токтотконго карабастан, өндүрүштүн өсүүсү байкалат.
М: Металл рудаларын казуу - 29.4%, кийим жана текстильдти өндүрүү - 18.7%, чийки нефти жана газ - 13.1%, унаа жабдыктары - 22.9% өскөн.