Бүгүнтөн тарта «Мекен-карт» алууга документтер кабыл алына баштады

13.03.2023, 15:20 Акчабар
Бүгүнтөн тарта «Мекен-карт» алууга документтер кабыл алына баштады

Бүгүн, 13-марттан баштап “Мекен-карт” алуу үчүн документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. 

Белгилей кетсек, “Мекен-карт” Кыргызстанда жашап, кийин башка мамлекеттин жарандыгын алган адамдардын укуктарын кеңейтет. Ага ылайык, башка мамлекеттин жарандыгын алган кыргызстандык “Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш” деген расмий макамга ээ болот. Анын мындай макамын “Мекен-карт” тастыктайт жана ал он жылга берилет. 

Ошондой эле, “Мекен-карт» мамлекеттик документине ээ болгон кыргызстандык тарыхый мекенине визасыз кирип чыгуу, уруксат документи жок эле иштөө, убактылуу жашоого жана билим берүү, медицина мекемелеринин кызматын колдонуу жагынан кыргыз жарандары менен укуктары теңелет. 

“Кыргызстан менен чектеш мамлекеттердин жарандарын кошпогондо, мурда Кыргыз жараны болгон чет өлкөлүк жарандар, алардын балдары жана неберелери 13-марттан тартып чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендеш статусун алуу үчүн арыз берүүгө укуктуу”, - деп айтылат маалыматта. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу