Санариптештирүү – чет элдик гана эмес, ата мекендик банктардын негизги багыттары. Бул тууралуу Бишкек Эл аралык форумунда (BIFF-2019) «Акчабарга» Улуттук банктын башчысы Толкунбек Абдыгулов билдирди.
«Дүйнө жүзү боюнча банк тармагында жаңы технологиялар киргизилүүдө аралыктан туруп банктык эсеп ачуу, аралыктан туруп кардарды аныктоо жана кол тамгасын алуу. Мунун баары IT-технологиясындагы акыркы жетишкендиктер менен байланыштуу», –деп билдирди ал.
Санариптештирүү технолгиясы калк үчүн ыңгайлуу болгону менен банк системасына кооптуу болууда.
«Мындан тышкары дүйнө эли менен катар жашыл экономикага көңүл бөлүшүбүз керек. Жашыл экономикага көп каражаттар бөлүнүүдө – анткени экологияга зыян келтирбей өндүрүлгөн товарлар, кызматтар актуалдуу болууда», – деп билдирди Абдыгулов.
Форумдун алкагында банк тармагын өркүндөтүү, нак эмес төлөмдөрдү көбөйтүү жана арзан насыяларды берип, элдин финансалык сабаттуулугун жогорулатуу караларын билдирди.
«бул маселер банк секторунда талкууланат. Кардар банксыз бул кызматтарды ала албайт. Ошондуктан, калктын сабаттуулугун жогорулатуу керек», – деп кошумчалады Улуттук банктын башчысы.