Microsoft ишканасынын негиздөөчүсү өзүнө 644 млн долларга суперяхта курууга буйрутма берди. Кеме суутек кыймылдаткычынын негизинде иштейт. Бул тууралуу РБК кабарлады.
Миллиардер кемени Монакодо 2019-жылы өткөн яхт-шоудогу презентациядан кийин алууну чечкен. Sinot фирмасынын экологиялык кайыгынын узундугу 112 метрди түзүп, ага 45 адам батат.
Кыймылдаткычтар брондолгон айнек менен капталган өзүнчө резервуарга жайгаштырылат, ал жерде суутек - 253 градуска чейин муздатылат. Кайык 2024-жылы даяр болуп, кубаттандыруусуз дээрлик 7000 чакырым жүрө алат.