«Биримдик» №1. Кызжибек Карабекова, талапкер: «Жарандардын сот тарабынан коргоолууга болгон укуктары - Конституция тарабынан бер

02.10.2020, 18:15 Акчабар
«Биримдик» №1. Кызжибек Карабекова, талапкер: «Жарандардын сот тарабынан коргоолууга болгон укуктары - Конституция тарабынан бер

Партия жарандардын сот тарабынан коргоолууга болгон укугун ишке ашыруу конституциялык укук болуп эсептелет деген позицияны бекем карманат. Бул тууралуу “Биримдик” партиясынын тизмесинде шайлоого бараткан талапкер Кызжибек Карабекова билдирди.

Талапкердин айтканына караганда, жашаган жери, кирешеси, иштеген иши, социалдык статусу кандай экенине карабай Кыргыз Республикасында мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей болушу керек.  Кыргыз Республикасында сот адилеттигин сот гана ишке ашырат. Бирок, Кыргызстандагы демократиялык коомдун өнүгүүсүнүн эң маанилүү институту болгон сот системасы бүгүн көп суроолорду жаратууда жана кыйла көңүл бурууну, реформаны талап кылууда.  

Ошондуктан, партия төмөнкү кечиктирилгис чараларды кабыл алуу зарыл деп эсептейт:

• сот системасын адилеттүү жана ачык кылууну камсыздоо максатында реформалоону улантуу;

• судьялардын жеке жоопкерчилигин киргизүү;

• сот процесстеринин жана алардын чечимдеринин ачык-айкын болуусун киргизүү;

• сот өндүрүшүндө заманбап технологияларды колдонуу; 

• судьялардын жана сот процесстеринин реалдуу көз карандысыздыгын камсыз кылуу;

• тергөө жана сот органдары тарабынан кетирилген тартип бузуулардын жоопкерчилигин күчөтүү;

• тийиштүү кылмыштар үчүн тергөө этабында кысым жасоонун негизги куралы катары бөгөт чарасын тандоо процедурасын реформалоо; 

• камакта кармоо мөөнөтүн узартуу, соттун, прокурордун жана жазыкты куугунтуктоо органынын чечимдерине даттануу жана пенитенциардык системанын органдарын жеңилдетүү менен байланышкан процессуалдык иш кагаздарын айландыруунун көлөмүн төмөндөтүүнүн ыкмасы катары, күрөөнү колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү; 

• коомдук укук тартибин коргоодо заманбап технологияларды активдүү колдонуу; 

кароого келип түшкөн кылмыш жана жарандык иштерди бөлүштүрүүдө бардык деңгээлдеги (райондук соттон Жогорку сотко чейин) сотторго чүчүкулак тартууну киргизүү.

“БИРИМДИК” партиясы  көздөгөн максатына жеткен, ырааттуу программалык милдеттерди аткарууга белсенип жаткан ишенимдүү партия. Сот системасы жаатында жогоруда айтылган милдеттер бул куру сөз эмес”, - деген талапкер Кызжибек Карабекова “БИРИМДИК” саясий партиясына добуш берүүгѳ чакырып кетти.

«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Тэги: партия Биримдик

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу