4-августта тарыхта биринчи жолу троя унций алтынынын баасы 2 миң доллардан ашты. Муну тендердик маалыматтар тастыктап турат.
Азыркы учурда алтын 2 миң 22,7 долларга бааланат.
Үстүбүздөгү жылдын башынан бери алтын 30%га кымбаттады, ал эми акыркы жумаларда нарктын өсүшү олуттуу ылдамдады.
Улуттук банктын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө бир унций алтындын баасы 2 миң 210,2 долларды түзөт. Ошол эле учурда, бир күндүн ичинде, тактап айтканда, 4-августтан 5-августка чейин баасы 21,4 долларга жогорулады (1 миң 647 сом).