Ири май куюучу жайлар боюнча сайттардын берген маалыматына ылайык, Бишкекте 3-март, саат 10:40 карата АИ - 92 маркасында күйүүчү майдын баасы орточо эсеп менен 0,49% жогорулады.
АИ-92 күйүүчү майдын борбордогу орточо баасы 40, 9 сомду түзүүдө. Дизелдин орточо баасы май куюучу жайларда - 39, 7 сомго, суюлтулган газ - 24, 65 сомго бааланууда.
АИ-92 күйүүчү майга болгон баанын төмөнкү баасы – 40, 9 сомду, АИ-95 - 42, 3 сомду түзүп жатат. АИ-98 маркасындагы күйүүчү майды эки май куюучу жай:«Газпром нефть» 47, 9 сом менен жана Bishkek Petroleum 49,9 сом менен сунуштоодо.
Дизелдик отундун минималдуу баасы Бишкектеги май куюучу жайларда – 38, 5 сом менен сатылып жатат. Суюлтулган газды үч тармак сатып жатат:
- «Партнер Нефть» - сом менен;
- Bishkek Petroleum - 23,9 сом (Бишкектеги жана Чүй облусундагы үч май куюучу жай);
- «Газпром нефть» - 25, 4 сом менен (Бишкектеги үч май куюучу жай).