Жаш адистерди колдоо жана шыктандыруу максатында Бишкек шаардык бийлиги “Жаш мугалимдин депозити” социалдык программасы башталганын жарыялады. Ал мугалимдерди материалдык жактан колдоонун ишенимдүү системасын өнүктүрүүгө багытталган.
Бул демилгенин алкагында 2024-жылдан 2027-жылга чейин үч жыл аралыгында борбор калаанын жалпы билим берүү мекемелеринин 58 жаш мугалимине каржылык колдоо көрсөтүлөт. Бул максаттарга жергиликтүү бюджеттен жылына 7 млн 650,5 миң сом бөлүү пландалууда.
Жаш мугалимдерге колдоо көрсөтүү үчүн каражаттын бөлүштүрүлүшүн Билим берүү башкармалыгы көзөмөлдөйт.