Бишкекте 18 айланма жол куруу пландалууда

28.03.2023, 15:37 Акчабар
Бишкекте 18 айланма жол куруу пландалууда

Кытай грантынын эсебинен каржылануучу “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун үчүнчү фазасы ишке ашырылат. Бул тууралуу мэр Эмилбек Абдыкадыров шаардагы жол кыймылынын көбөйүшү, ыш маселесин чечүү жана таштандыларды өз убагында чыгаруу сыяктуу негизги көйгөйлөрдү чечүү боюнча жумушчу кеңешмеде айтты. 

Калаа башчысынын айтымында, шаардын бардык аймагында 18 айланма жол куруу пландалууда. Алар калаанын борбордук жана экинчи катардагы көчөлөрдөгү унаа тыгындарын азайтат. 

Жыйынга катышкан Министрлер кабинетинин төрагасы сунушталган долбоорлорду колдоого даяр экенин билдирип, бардык аткарыла турган иштердин негизги максаты жарандардын жашоосун жакшыртуу экенин белгиледи.  

“Бул өзгөрүүлөрдү ар бир жаран көрүп, сезиши керек. Азырынча чындыгында биз жөө жүргүнчүлөр өтүүчү эскилиги жеткен тротуарларды, тыгындарды, чаңды, башаламан имараттарды жана көрнөк-жарнак илинген шаарды гана көрүп жатабыз. Бирдиктүү дизайн-кодун иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө убакыт жетти. Биз талыкпай иштешибиз керек, ошондо гана жыйынтык болот”, - деп белгиледи Акылбек Жапаров.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу