Бишкекте 33,2 миң доллар салынган сейфти уурдагандар кармалды

02.03.2023, 15:30 Акчабар
Бишкекте 33,2 миң доллар салынган сейфти уурдагандар кармалды

Бишкекте 33,2 миң доллар салынган сейфти уурдоого шектүүлөр кармалды . Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Биринчи май райондук милицияга И.А аттуу жаран кайрылган. Ал арызында бухгалтердин иш бөлмөсүнө бирөөлөр кирип, ичинде 33,2 миң доллар салынган 30 миң сомдук сейфти уурдап кеткенин билдирген.

Бул мыйзам бузуу фактысына байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 28 жаштагы О.Э., 24 жаштагы Т.Ж. жана 21 жаштагы Б.Н. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. 

Биринчи Май райондук соту шектүүлөрдү үй камагына чыгарган.

“Кылмыш ишинин алкагында шектүүлөрдүн биринин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, 31,7 миң доллар табылды. Ошондой эле, шектүүлөр сейфти Кант шаарынан Чоң Чүй каналына таштап салган. Сейф аталган каналдан табылып, алынып чыкты”, - деп айтылат маалыматта.

Буга байланыштуу иликтөө иштери уланууда. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу