Бишкекте ири көргөзмө-жарманке өтөт

28.09.2023, 12:35 Акчабар
Бишкекте ири көргөзмө-жарманке өтөт

Бишкекте "АгроТехЭкспо-2023", "Органик Экспо 2023” республикалык агроөнөр жай көргөзмөсү жана "Алтын күз" азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-22-октябрда боло турган иш-чарада айыл чарба техникасынын жана кайра иштетүү өнөр жайынын дүйнөлүк үлгүлөрү, жаңы инновациялык технологиялар, үрөндөрдүн сорттору, жер семирткичтердин түрлөрү, ветеринардык препараттар, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары, агрохимикаттар, энергетикалык каражаттар, асыл тукум жаныбарлардын породалары жана башка айыл чарба товарлары көрсөтүлөт.

Анын алкагында жарандарга айыл чарба продукциясынын бардык түрлөрүн сатуу үчүн "Алтын-Күз" жарманкеси уюштурулат, анда бардык каалоочулар эт, бал, жашылча-жемиштерди дүң баада сатып ала алышат.

Көргөзмө жана жармаңкеге үч күндүн ичинде республиканын бардык облустарынан 15 миңден ашуун дыйкандын келери күтүлүүдө.

Бул иш-чарага катышуу маселеси боюнча Бишкек ш., Киев көч., 96а, 7-кабат, 712-кабинет, дареги боюнча кайрылса болот. Тел. (996-0312) - 664509, 623629, 664481. E-mail: tehinspekzia@mail.ru

Тэги: көргөзмө жарманке айыл чарба техника

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу