Ушул айдын 16-17-мартында Бишкекте Кыргызстан менен Пакистандын ишкерлери катышкан соода-инвестициялык форум өтөт. Бул тууралуу Соода-өнор жай палатасы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган форумду Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги менен биргеликте Пакистандын Экономика министрлиги жана Соода-өнөр жай палатасы өткөрүүдө.
Аталган форумга Пакистандын 40ка жакын алдыңкы логистика, спорттук товарлар, фармацевтика, хирургиялык-стоматологиялык буюмдар, булгаары буюмдарын өндүрүүчүлөр, айыл чарба, химиялык өнөр жай, курулуш эмеректерин өндүрүүчү компаниялар катышат.