Хоккей боюнча дүйнө чемпионатын Бишкекте өткөрүүгө бюджеттен 1 миллион 924 миң сом сарпталат. Бул тууралуу 24.kg Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын жетекчиси Нурланбек Исмаиловго таянып жазды.
Өз кезегинде Эл аралык хоккей федерациясы чет элдик хоккейчилердин жатаканасын, жол кире акысын, ошондой эле турнирге керектүү бардык шаймандар менен каржылайт.
Эске салсак, 3-марттан 8-мартка чейин Бишкек шаарында төртүнчү дивизиондо хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Турнирге Кыргызстан, Кувейт, Малайзия, Сингапур жана Ирандын командалары катышат.