Ысык суу 22-июндан тарта бериле баштайт. Бул тууралуу “Бишкекжылуулуктармагы” ишканасы билдирди.
Белгиленгендей, ысык суу жылуулук тармактарын жана жылуулук керектөө системаларын жылытуу мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдоо максатында жыл сайын өчүрүлөт.
Эскерте кетсек, Бишкекте ысык суу берүү 22-майда токтотулган.