Бишкекте жалпысынан 21 тез татым жайы жабылды. Алар текшерүүдө аныкталган бузууларды жойгонго чейин ачыла албайт, деп билдирди шаардык санэпидем көзөмөл борборунан.
Маалыматка ылайык, 1-октябрдан тарта 71 тамактануу түйүнү текшерилип, 930 миң сомго айып пул салынды.
Эске салсак, 1-октябрда ордо калаанын Чүй-Сүйүмбаев көчөлөр кесилишиндеги эки тез татым жайынан шаурма жегендер ууланган.
Ооруканага жалпысынан 71 адам кайрылган, арасында жаш балдар дагы бар.