Бишкектеги ири базалар ишин токтотпойт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Мэриядан белгилешкендей, ири базаларда дезинфекциялоо иштери күчөтүлгөн түрдө жүргүзүлөт.
«Учурда «Орто-Сай» базарын дезинфекциялоого даярдык көрүлүүдө. Базар администрациясы жана ал жакта иштегендерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат», - деп билдиришти мэриядан.
Ошол эле учурда борбор калаадагы башаламан түзүлгөн жана чакан базалар жабылат.